Биз менен байланышыңыз

Султаналиев: Премьер-министр тууралуу айтылгандар апыртма

Кыска кабар | 17 мая 2019 | 870 | 0

Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча бүгүнкү күндө оппоненттер колдонгон тактика – жөн гана «фейктер» аркылуу беделин кетирүү болуп саналат. Алардын Өкмөттүн иштей албастыгы тууралуу келтирген фактылары көбүнесе атайылап бурмаланган же апыртылган. Бул тууралуу Премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи улуттук уюлдук операторду ишке киргизүүнүн айланасындагы кырдаал боюнча өкмөт депутаттык комиссиянын түзүлүшүн жана «КТ Мобайл» компаниясынын түзүлүү тарыхын, анын ишмердүүлүгүн тыкыр текшерүүнү колдойт.

«Өкмөт депутаттардын бул маселе боюнча бардык зарыл маалыматтарды алуусун камсыздайт, эгерде депутаттар жыйынга премьер-министрди чакырууну туура көрүшсө, ал катышууга жана бардык кызыктырган суроолорго жооп берүүгө даяр. Өткөн жылы компания биринчи улуттук уюлдук операторду ишке киргизүүгө реалдуу кадамдарды жасаган жана уюлдук байланыш операторлору арасында ачык аукцион өткөрүлгөн. Сынактын жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком»  менен «КТ Мобайл» ортосунда өз ара пайдалуу келишим түзүлгөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай кызматташууну мурдатан колдойт, себеби, анын натыйжасында мамлекеттик компания базалык оператор жана санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болуп калат. Ал эми премьер-министрдин туугандары, «кланы» тууралуу айтсак, бири дагы ырасталган эмес жана ырасталбайт дагы, себеби, алардын баары негизсиз», — дейт маалымат катчы тараткан билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM