Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Ысык-Көлгө келди

Коом | 16 мая 2019 | 860 | 0

Мамлекет башчы Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапар менен келди. Анын алкагында аймактын күнгөй жээгиндеги социалдык курулуш иштери, айыл чарбасы жана калктын жашоо-шарты менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылына барды. Анда жеке менчик мал чарбасында болуп, аймакта ишке ашып жаткан «Сүт секторун өнүктүрүү» долбоору менен таанышты.

— Ысык-Көлдө айыл чарба өндүрүмүн экологиялык жактан таза өндүргөнгө абдан жакшы шарт бар. Кайсыл тармак болбосун, болгон мүмкүнчүлүктү колдонуу керек, — деди Өлкө башчы.

Сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча «Сүт секторун өнүктүрүү» долбоорунун жетекчиси Төрөгул Беков маалымат берди.

— Ысык-Көлдө сүт чарбасын колдой турган долбоор үч жылдык мөөнөттө иштеп баштады. Жалпы каражаты 5 миллион долларды түзөт. Алдыда Дүйнөлүк банк да биздин ишмердүүлүктү сынап көрөт. Эгер жакшы жыйынтык болсо, Кыргызстан аймактарына да 20 миллион доллар насыя берери бышык. Планда каралгандай, 1-компонент боюнча Балыкчы жана Каракол шаарына 550 миӊ долларга ветеринардык лабораторияларды модернизациялоого жабдуулар алынып берилет. Анда сүт азыктарына тиешелүү сертификаттар берилип, сатууга оӊой болот.

Тагыраагы, Дүйнөлүк банк аркылуу ишке ашып жаткан долбоорго Ысык-Көл облусу пилоттук аймак катары тандалып алынган. Буга кошумча дагы эки компонентти камтыйт. Бири жасалма куут аркылуу асыл тукум малдын санын көбөйтүү болсо, экинчиси сүттүн сапатын текшерүү үчүн санарип системасын киргизүү болуп саналат. Алдыда чарбасы чакан фермерлерге ссуда катары насыялар берилерин Каржы министрлигинин кызматкери Бермет Мусакожоева билдирди.

— Келерки июнь, июль айларында жергиликтүү тургундарга асыл тукум мал алууга пайызсыз, күрөөсүз 1000 долларга чейин насыя берилет. Анын эң узак мөөнөтү 3 жылдык болот. Жалпы суммасы 2 миллион доллар, ал 2 миӊ кишиге эсептелген. Албетте, коюла турган талаптар бар. Негизгиси, фермердин банктарда насыясы жок болуусу керек, үлүш жери 5 гектардан ашпоого тийиш.

Ысык-Көлдүн табиятына швиц жана голштин асыл тукум уйлары туура келерин 14 жылдан бери иштеп келген «Капар уулу Улан» мал чарбасынын жетекчиси Улан Дыйканов маалымдап, кандай гана кыйынчылык болбосун, ийгилик болорун өлкө башчыга айтып берди.

— Биздин чарбада 33 саан уй бар. Асыл тукум малды жөнөкөй малга салыштырып болбойт. Алгачкы ишибизди баштаганда көптөгөн кыйынчылык болду, бирок ийгилиги алдыда. Сүт, эт өндүрүп, экспортко чыгарып жатабыз. Азыркы тапта уйдан күнүнө 100 литр сүт алсак, күз-кыш мезгилинде 400 литрге чейин алабыз.

Фермерлердин алгылыктуу ишине ийгилик каалаган соӊ, С. Жээнбеков кийинки сапарын Түп районунда улантты. Алгач райондогу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барып, саламаттыкты сактоого кызыкты.

Мед айым: — Биз бул жактан анализ жүргүзүп турабыз.

Президент: — Жылына канча жолу текшерүү жүрөт?

Мед айым: — Жаз алды менен баарынан кабар алып турабыз.

Кийинки сапар Түп айылындагы курулушу токтоп турган спорт комплексинде уланды. Маалыматка ылайык, эки кабаттуу спорттук комплекс 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, жалпы сметалык баасы 29 млн. 758 миӊ сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө чейин 11 млн. сомго каржыланса, калган акчалар бөлүнбөй иш токтоп турат. Кайрылуунун негизинде Өлкө башчы акча бөлүп берүүгө убада бергенин «Азия Интерстрой» ЖЧКсын жетекчиси Анара Коӊурбаева маалымдады.

— Президенттин иш сапар менен келүүсү биз үчүн жемиштүү болду. Себеби, спорттук комплекстин чатыры жабылып, калганы токтоп калган. Эми июнь айында мамлекеттен алгач 7 миллион сом бөлүнсө, калганы күз мезгилине чейин караларын айтып убада берди.

Ушу сыяктуу эле, күндүн экинчи жарымында КР Президенти ушул эле райондун активисттери менен кезигип, элдин бир катар көйгөйлөрүн угуу менен бирге өлкөдөгү жетишкендик, өнүктүрүүнүн жаӊы стратегиялык багыттары, реформалар жана долбоорлор жөнүндө айтылып, Түп районуна болгон иш сапар жыйынтыкталды. Иш сапар эртең Балыкчы шаарында уланары маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM