Биз менен байланышыңыз

Тоң районунда тынчтык митинги өтүп жатат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 505 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 150дөн ашык адамдын катышуусунда тынчтык митинги өтүп жатат. Катышуучулар бийлик өкүлдөрүнө «Балыкчы-Тосор унаа жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлсүн, Күн-Чыгыш айыл аймагындагы 102 гектарды ээлеген Кара-Ой жер тилкеси трансформациялансын, Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш ишин жеңилдетилип, саясий куугунтуктан бошотулсун» деген талаптарды коюшууда.

Жогорудагы талаптарга Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы Улан Турганбаев төмөндөгүдөй жооп берди:

«Жергиликтүү жашоочулар жана коомдук активисттер коюп жаткан талаптарга ылайык, жолду оңдоо долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) иштелүүдө. Жерди трансформациялоого бардык иш кагаздар даярдалып, жакын арада каралат. Ал эми Дамир Мусакеевдин иши боюнча укук коргоо органдары чечим чыгарат»

Маалымдай кетсек, Тоң районундагы тынчтык митингине чыккандарга акимдин орун басары Тимур Алымбеков жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы барып жолукту. Акыркы сааттарга карата коомдук саясий абал тынч.

Copyright © 2017 Maral FM