Биз менен байланышыңыз

Экс-президент Атамбаев менен соттошкон юристтер утуп алышты

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 538 | 0

Жогорку Сот бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев жана юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишине чекит койду.

«Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди», — деп айыпка жыгылган юристтердин иши каралып, алар сот доочуга өндүрүп берүүчү 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт.

Эске сала кетсек, буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин ал кездеги жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Мындан улам, Башкы прокуратура: «Билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген», — деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.

2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту «Ата Мекендин» юристтерин «жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт» деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан эле.

Copyright © 2017 Maral FM