Биз менен байланышыңыз

Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо иштери башталды

Коом | 15 мая 2019 | 573 | 0

Транспорт жана жол министрлиги бүгүн өлкөдөгү оңдолуп жаткан кан жолдордун иши кандай жүрүп жатканын жана качан аяктай турганын маалымдашты. Анын ичинде Балыкчы-Корумду унаа жолунун оңдоо иштери дээрлик 50 %ы аяктап калды. Быйыл жарым-жартылай каржылоо маселеси чечилип, 150 млн. сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ошондой эле Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо да уланууда.

Транспорт жана жол министрлиги 1- кварталдын жыйынтыгы жана 2-кварталга коюлган милдеттенмелер тууралуу маалымат берди. Анда мындан үч жыл мурун башталган Балыкчы-Корумду унаа жолунун көйгөйү да көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө аталган жолду оңдоо иши кайрадан башталган. «Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо иштеринин дээрлик 50 % аяктап, калган жолдорду бүтүрүү иш-аракеттери учурда катуу жүрүп жатат», — дейт Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин жетекчисинин орун басары Акуналы Досалиев. Анын айтымында, жолду оңдоо долбоору 9 млрд. сомго бааланган. Бирок бааланган каражаттын 3,6 млрд. сому гана республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген.

— Быйыл унаа жолун каржылоо маселеси жарым-жартылай чечилди. 150 млн. сомго жакын каражат бөлүнөт. Жыл сайын бюджеттен болжол менен 500-600 млн. сом каралып жатат. Балыкчы-Корумду унаа жолунун качан бүтөрү белгисиз. Качан гана каражат толук которулса, иш соңуна чыгат. Негизи кан жолдун баштан-аяк суммасы 9 млрд. сомду түзөт.

Ал эми буга чейин, Балыкчы-Корумду унаа жолунда иштеген жумушчулар айлык маяна бербей жатат деген нааразычылыктарын коомго айтып, а түгүл өкмөткө чейин кайрылышкан. Аны менен катар жол салуу ишинде ижарага техника берген компаниялар акчаларын ала албай убара тартып жатканы тууралуу маалымат тараган. Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетовдун айтымында, келишпестиктер жумушчулар менен субподряддык уюмдун ортосунда чыккан. Бул иш сотко чейин жетип, өкмөттүн да кийлигишүүсүн өтүнүшкөн. Тилекке каршы, биздин өкмөт кийлигише албасын кошумчалады.

-Баарыбызга маалым болгондой, Бишкек-Балыкчы унаа жолун оңдоп жатканда, андагы жумушчулар «айлык берилбей жатат» деп чыгышкан. Техниканы ижарага алуу боюнча да маселе көтөрүлгөн. Алар айлык акы же ижара акысын төлөп берүү маселеси боюнча тиешелүү органдарга кайрылса болот. Транспорт жана жолдор министрлиги долбоорго каражат бөлүп берүү боюнча иш алып барып жатат. Ал эми жогоруда айтылган кадамдар боюнча, өкмөткө эмес, сотко кайрылуулары керек.

Ал арада Кыргызстандагы кан жолдун дагы бири Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун бүтпөй жатканын да айтып чыгышты. Анда аталган жол үч жылдан кийин, тагыраагы, 2021-жылы толук бүтөрү белгилүү болду. Эмне үчүн Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштеринин кечеңдеп жатканын да түшүндүрүштү. Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адиси Замир Искаков «Азиат» компаниясы жолду оңдогонго каражат бөлүп бергенин айтып, тендер маселеси ушул жылдын аягында чечилерин кошумчалады.

— Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 15-61-чакырымына чейинки аралыкты оңдоого 70 млн. доллар бөлүнмөк. Бүгүнкү күндө 8-15-чакырым аралыкка 20 млн. долларды «Азиат» компаниясы бөлүп берүүгө даяр. Бирок аталган сумма так эмес. Себеби, тендер жарыяланып, анын жыйынтыгы чыккандан кийин гана сумманы айта алабыз. Ал эми тендердин жыйынтыгы ушул жылдын аягында чыгарылат.

Эске салсак, буга чейин Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун оңдоо иштери 2020-жылы бүтөрүн айтышкан. Ушул эле жылдын күз айында Жумгал-Казарман унаа жолу ачылары белгилүү болгон. Ал эми Балыкчы-Корумду жолун кайра оңдоо иштери 2015-жылы башталса да, бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Бул маселе боюнча Балыкчы шаарынын тургундары байма-бай нааразычылык сөздөрүн айтып келишет.  А түгүл журналисттерге маалымат жыйын да өткөрүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM