Кышка карата унаа жолдорду даярдоо иштери башталды. Бул ишти аткарууга бюджеттен жалпы 153 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 30% иштер аткарылды. Бирок жылда эле ашуулардагы кар тазаланбай жатканы, анын кесепеттери тууралуу нааразылыктар жоюлбай келет. Ири унаа жолдордун кышка даярдыгы кандай болуп жатат?
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга жана Суусамыр өрөөнүнө кар түшүп, тиешелүү транспорттук каражаттар тартылып, жол тазаланды. Мындай маалымат кыш жакындаган сайын байма-бай тарап турат. Мындан улам «Учурда Кыргызстандын жолдору кышка даярбы?» — деген суроо пайда болот. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов бүгүнкү күндө жолдордун 30%ы кышка даяр болгонун билдирди. Ошондой эле кышында ашууларда эч кандай көйгөй жаралбай турганын айтты.
— 2019-жылдын 2-майында мамлекеттен кышка даярдык үчүн атайын каражат бөлүнгөн. Бугүнкү күндө бул багыттар боюнча иштер жүрүүдө. 100%дык жумуштун 30%ы аткарылып бүттү. Маселен, ашууларга атайын себилчү туздар, кум алынып келинип, жол тазалоочу унаалар оңдоодон өттү. Күйүүчү май жетиштүү. Ал эми бул жакта иштей турган жумушчуларга да атайын жылуу кийимдер алынып, керектүү шаймандар да планга коюлду. Жылыга мындай аракеттер жүрүп турат. Дагы бир жагдайды баса белгилеп кетишибиз керек, айдоочулар кышка даярдыкты азыртадан баштап, ашууларга чыгып жатканда кышкы дөңгөлөккө өтүп, чынжырларды алып алышса. Анткени, дал ошондой каражаттары жок айдоочулардын айынан жол тыгын пайда болуп жатат.
Анткен менен, Оор жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Транспорт жана жолдор министрлигинин жасаган иштерине нааразы. Даярдыктар башында күчүндө болуп, кийин жолдор тазаланбай, каралбай калганын айтат. Мындай кадамдар жүк ташуучу унаалар үчүн бир топ түйшүк жаратып, тыгынды да пайда кылат.
— Күз келгенден баштап, жолдун көйгөйү кошо келет. Жылына эле даярдык иштери жүрүп жатат, каржат бөлүндү деген маалыматтарды окуйбуз. Бирок иштер башында жакшы башталат, бирок аягы жок. Мисалы, биздин жүк ташуучу унааларыбыз өтмөктөрдө, ашууларда кадимкидей кыйналат. Кар тазаланбайт, туз себилбейт. Атайын унаалар келет, бирок кээде соляркалары жок болуп, тоңуп да калат. Мен дагы бир нерсени айткым келет, жол салуу системасын да оңдоо керек. Жүк ташуучу унаалар үчүн ылайыкташтырылышы зарыл.
Жол курууда коррупция бар, бирок жолдорду кышка даярдоодо коррупция жок. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз билдирди. Анын айтымында, эгерде кышка даярданууга каражат көбүрөөк которулса, эл министрликке да, бийликке да терс пикир айтпайт. Тилекке каршы, көрсөтүлгөн суммадан көбүрөөк каражат которууга мамлекеттин бюджетинин дарамети жетпей келет.
— Мамлекет алына жараша каражат бөлүп жатат. Бөлүнгөн акчага жараша жумуштар жүрүп жатат. Жылына бул маселе көтөрүлүп келет жана көтөрүлө бермекчи. Жолдордун туура эмес курулушун, андагы коррупцияны жоюшубуз керек. Ошондо гана бул иштер бир калыпка түшөт. Эгерде жол маселесин чечүү үчүн дагы көп каражат которо турган болсок, анда өлкөнүн башка багыты унутта калат. Маселен ошол эле билим, маданият жана башка ушул сыяктуу багыттар.
Жогорудагы ойлордон кийин биз: «Унааңызды кышка даярдоо иштерин баштадыңызбы?» — деген суроо менен Бишкектин тургундарына кайрылдык.
— Мен унаамды кышка даярдай элекмин. Кышка чейин дагы убакыт бар да. Мен Бишкектен башка жакка чыкпайм, ошон үчүн шашпай элемин.
— Акырындан баштадык. Бирок мен Кыргызстандын жолдорунун салынышына терс пикирдемин. Биринчи жолду туура салыш керек. Бүгүн салган жол эртең жарактан чыгып калууда. Канча каражат кетип жатканын уялбай интернетке чыгарып жатышат.
— Талас-Бишкек жолунда каттап, кардар ташыйм. Ошон үчүн ар бир нерсени эрежеге ылайык жасоого туура келет. Дөңгөлөк, чынжыр дайыма жанымда.
— Жок мен даярдай элекмин. Албетте, жакындаганда аракет көрөбүз да.
— Мен айдоочуларга такыр түшүнбөйм, баргандары ашуу. Бирок жайкы дөңгөлөктөр менен барышат, жадагалса чынжыры жок. Убакытты алып, тыгын да жаратышат.
Кошучалай кетсек, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жарандарды унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруусун өтүнөт. Мындан сырткары, ар бир айдоочуну дөңгөлөккө байланчу чынжыр алып жүрүүгө чакырат.