Биз менен байланышыңыз

Уланбек Дыйканбаев ТИМдин маалымат департаментинин директору болуп дайындалды

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 491 | 0

Уланбек Дыйканбаев Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Аппаратынын жамаатына Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков маалымат департаментинин жаңы директору Уланбек Дыйканбаевди тааныштырды.

Уланбек Дыйканбаев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы болуп эмгектенип келген.

Ошондой эле, министр Чыңгыз Айдарбеков ушул эле жамаатка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен «Мамлекеттик дипломатиялык сервис» ишканасынын башкы директору болуп дайындалган Талант Султановду тааныштырды.

Талант Султанов буга чейин аталган министрликтин Административдик иштер департаментинин директору кызматын аркалап келген.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM