Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Түркия элчисинин катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 1064 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын катышуусу менен болгон окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз позициясын айтып чыкты. Министрликтин маалымат катчысы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматта: «Окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилеге таасирин тийгизе албайт», — деп белгиленет.

«Акыркы жылдары мамлекет башчыларынын аракети менен кыргыз-түрк мамилелери кыйла жанданды жана сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты. Көп пландуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөн. 2019-жылдын 8-майында «Дасмия» ресторандар комплексинде Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж. К. Фыраттын катышуусу менен болгон окуя жеке мүнөзгө ээ жана ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн боордош мамилелерге таасирин тийгизе албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM