Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Муфтияттын күнөөсү жок

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 510 | 0

Түркиянын Кыргызстандан атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын чуу салуусунда ооз ачуу уюштурган Муфтияттын күнөөсү жок. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Муфтият коомдук уюм, ал мамлекеттик түзүмгө кирбейт.

«Элчи бир жарандын үйүнө конокко келгендей эле кеп. Бул жерде Муфтияттын күнөөөсү жок. Муфтият элди бириктирип жатса, кандайча күнөөсү болот? Бул элчинин күнөөсү. Анткени, ал элди бөлүп-жарып жатат. Ал түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга жагынуу максатында атайын чагымчылык уюштурду, же болбосо Эрдоган буйрук берген болушу мүмкүн. Мындан сырткары, Женгиз Камил Фырат ооз ачуу иш-чарасына атайын бардыбы деген суроо туулат. Ал каалабаса, иш-чарага чакырылган коноктордун тизмесин карап, барбай койсо да болмок», — дейт Тажыбай.

Ал мындан сырткары, Женгиз Камил Фырат ооз ачардан Муфтиятка таарынычын айтуу менен кыргыз өкмөтүнө, президент Сооронбай Жээнбековго белги бергенин кошумчалады.

Эске салсак, 12-майда Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тараган. Андагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM