Биз менен байланышыңыз

«Түрк элчиси боюнча парламент үн катышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 мая 2019 | 523 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын нааразычылыгы боюнча Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөлөрү үн катышы керек. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал бийлик унчукпагандыктан, эл өкүлдөрү да эки арада турганын айтты.

«Өздөрүнүн кызыкчылыктары болгон, олигархтар, бизнесмендер бар. Ошол жагынан чочуп турушса керек. Бирок депутаттардан бирөөсү дипломатиялык жол менен сөз айтса болмок. Эл депутаттарды шайлаган. Эгер өкмөт реакция кылбаса, анда парламент үн катышы зарыл», — дейт Тажыбай.

Copyright © 2017 Maral FM