Биз менен байланышыңыз

«КТ мобайл» Кыргызстандагы уюлдук операторлордун катарына кошулгусу келет

Экономика | 14 мая 2019 | 638 | 0

«КТ мобайл» компаниясы кызматкерлеринин айлыгы тууралуу тараган маалыматка жооп кайтарды. Анда аталган компания маалыматты толугу менен четке кагып, фейктер жасаган ушак экенин айтып чыкты. Буга кошумча, «Мегаком» компаниясы менен сүйлөшүүлөр оңунан чечилбей калса, карыздарын толугу менен жоюп, башка уюлдук оператор менен иш алып барышарын маалымдады. Мындан улам, «Мекемелер аралык келишим эмне болот? Бузууга мыйзам жол береби? Кыргызстан бүгүнкү күндө 4-уюлдук операторго муктажбы?» — деген суроолор пайда болбой койбойт. 

«Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын ноябрь айында өзүнө тиешелүү «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн өлкөдөгү компаниялар арасында тендер жарыялаган. Аукционго «Скай Мобайл» жана «Альфа Телеком» компаниялары катышып, жыйынтыгында «Альфа Телеком» ишканасы утуп чыгат. Жеңип чыккан компания менен «КТ мобайл» компаниясынын ортосунда келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде «Альфа Телеком» компаниясы «КТ мобайл» ишканасына тиешелүү жыштыктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом бермек. Тилекке каршы, аты аталган эки компаниянын ортосунда техникалык маселелерден улам түшүнбөстүктөр жаралып, а түгүл коомчулуктун да көңүлүн бурган.

Ал арада «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев журналистерге атайын жыйын өткөрүп, жогоруда аталган эки ишкана келишимге ылайык ушул айдын 8-майында ишин баштай турганына токтолуп, тарифтердин элге болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу болоруна ишендирип өттү.

— Жаңы чыга турган уюлдук оператордун тарифтери абдан ыңгайлуу. Бирок биз аны азыр чыгара албайбыз. Келишимде 8-майда чыгарышыбыз керек эле, бирок техникалык маселелер жаралып, чыга элек. Жаңы чыгарылган тарифтердин бааларын, түзүлүштөрүн «Мегаком» компаниясына жөнөтүп койдук. Аны менен катар, аталган ишкана менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз бардык тарабын карап чечишебиз. Эгерде утуп алган компания менен пикир келишпестиктер болуп калса, биз алардан алган акчаны кайтарып берип, келишимди бузуубузга туура келет. Өзүңөр билгендей, аукциондогу экинчи орунда «Билайн» уюлдук оператору бар. Демек, ишти ошол ишкана менен алып барууга туура келет.

Коомчулукта «КТ мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин айлык акысы боюнча маалымат тараган. Анда аталган ишкананын жетекчилеринин алды 350 миң сом, ал эми техникалык директору 290 миң сом маяна аларын көрүүгө болот. Бирок мындай маалыматты «КТ мобайл» компаниясынын юридикалык сатуулар бөлүмүнүн башчысы Эрмек Исмаилова толугу менен четке какты. Себеби, жаңыдан гана куралып жаткан ишкана кызматкерлерине анчалык көп маяна төлөп бере албастыгын ырастады.

— Биздин кызматкерлердин айлык акысы тууралуу тараган маалыматтар таптакыр чындыкка туура келбейт. Компаниябыздагы эң жогорку маянанын суммасы 157 миң сом. Ал эми башка кызматкердин орточо айлыгы 35-40 миң сомду түзсө, эң минималдуу айлык 18 миң сом. Жадагалса, бизде бекер иштегендер да бар. Алар болгону тажрыйба алмашуу максатында гана иш алып барышат. Компанияда учурда 27 адам эмгектенет.

Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «КТ мобайл» компаниясынын карызы 170 млн. сомду түзөрүн айтып чыгышты. «Көп суммадагы карызы болсо, Мамлекеттик  байланыш агенттигинен  кантип лицензия  алышкан?» — деген суроолорду байма-бай кездештирүүгө болот. «КТ мобайл» компаниясынын техникалык жетекчиси Николай Дмитриенко мекеме мыйзамдуу түрдө лицензия алганын айтып, ал ушул жылдын декабрь айында бүтөрүнө токтолду. Бирок кайра карыздардын бардыгын жаап, мыйзамдуу түрдө лицензияга ээ болушарын жана өлкөдө ийгиликтүү иш алып барышарын баса белгилеп өттү.

— Бизде эки типке бөлүнгөн лицензия бар. Биринчиси, операторлордун иш алып баруусу боюнча лицензия.  Экинчиси, жыштыкты чектөө жана таратуу лицензиясы. 2015-жылдан баштап биздин компания солгундагандан бери көп карызга батты. Бирок ага карабастан, учурда ушул жылдын декабрь айына чейин лицензиябыз бар. Ал убакытка чейин карыздарды төлөп, иш алып барабыз.

Анткен менен «Мегаком» компаниясынын маалымат жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов «КТ мобайл» компаниясы менен келишим түзүлгөндө, тарифтердин чыга турган убактысы тууралуу жазуу да болгон эмес деп белгилейт. Аталган компания болгону Кыргызстанга жаңы төртүнчү уюлдук оператор ачууну көздөп жатканын айтат. Бирок анын пикиринде, бул ой учурда ишке ашпайт. Себеби, ортодогу келишимдерге эч ким, эч качан көз жуумп кое албайт. Анын үстүнө учурда «Мегаком» компаниясы «КТ мобайлга» келишимдеги 345 млн. сомдун жарымын төлөп  бергенин кошумчалады.

— Келишимде эч кандай мөөнөт көрсөтүлгөн эмес. Бүгүнкү жыйында 8-майда жаңы тариф чыкмак деп жатпайбы. Бул туурасында келишимдин бир да жеринде жазылган эмес. «Мегаком» компаниясы жыштыктарды утуп алганы чын. Бирок ошол жыштыктарды улап, мындан ары иштей бериши үчүн базалык станцияларды куруш керек. Бул багыт боюнча бизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми «КТ мобайл» компаниясы болсо, эртерээк төртүнчү оператор болуп чыга калгысы келип жатат. Ал мүмкүн эмес. Себеби, техникалык жактан бардык иштерди аткарып, эки тарап макулдашышы керек. Аларга дагы, бизге дагы зыян тийбеши, компания солгундап кетпеши керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов эки мекеменин иши боюнча парламентте маселе көтөрүлөрүн билдирди. Кыргызстан  төртүнчү уюлдук операторго муктаж эместигин айтып, «Эгерде мамлекеттик компания жаңы уюлдук оператор ача турган болсо, менчик ишканалар банкротко учурайт», — дейт Бекешов.

— Кыргызстанга төртүнчү уюлдук оператордун кереги жок. Тариф жактан же дагы башка тараптан элге ыңгайлуу болгону менен, мамлекеттин казынасына ким салык төлөйт? Ошон үчүн бул кадамдардын пайдасы деле жок.

Экономист Эрлан Камалов «Эгерде эки компания туура жана так келишим түзүп алганда, мындай пикир келишпестиктер орун албайт болчу», — деген ойдо. Коомчулукта жарыяланып жаткан келишимдердин эки башка экенине токтолуп, сүйлөшүүлөр туура жүрбөсө, иш соттошууга чейин созуларын белгиледи экономист.

— Рынокто атаандаштык болуп турса, албетте, өсүш да байкалат. Жаңы операторлор ачылышы керек. «Кыргызтелеком» бул кадамды мурун эле башташы керек болчу. Себеби бардыгы анын колунда. Бул жакка жаңы жана күчтүү заманбап менеджер керек. Аймактардагы аларга тиешелүү мекемелерди колго алып, оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, өсүү бат эле байкалмак. Бирок, келишимди жөн эле бузуп, жогорудагы компания башка мекеме менен иш баштаганы туура эмес. Эгерде ошондой кадам болсо, бул иш акыры сотко барат го?..

Кошумчалай кетсек, «КТ мобайл» мекемесинин учурдагы директору Нурбек Мукамбетов Кыргызстандагы «Фонекс» уюлдук операторун  жетектеген. Бирок соңунда банкротко учураган. Ал эми «Мегаком» компаниясы 2010-жылы мамлекеттик мекемеге өткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM