Биз менен байланышыңыз

УКМК Алина Шаикованын айткандары боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 642 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Алина Шаикова  Дастан Догоев экөөнү жолугушууга УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов өзү чакырганын айткан болчу. Бул маалымат боюнча Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 6-декабрында  Идрис Кадыркуловго чет өлкөлүк «КБА НотаСис»  компаниясынын жергиликтүү  жетекчиси С. А. кайрылган. Анда аталган жаран Кыргыз өкмөтү менен болгон жолугушуу эч кандай жыйынтык алып келбегенин айтып, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен мамлекеттик маанидеги документтерди өндүрүү максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштурууну өтүнгөн.

Расмий эмес жолугушууда Алина Шаикова жана Дастан Догоев  жеке компаниялардан сатып алуу жана өндүрүү чыгашалуу өндүрүш боло турганына таянышып, мамлекеттик маанидеги документтерди өндүрүү боюнча маселени кароодон баш тартышкан.

УКМК Алина Шаикованын Идирис Кадыркуловдун жеке максаттары тууралуу айтканы чындыкка дал келбей турганын белгилеп, бул жоопкерчиликтен качуу үчүн ойлоп табылган кезектеги амал катары бааланган. Ошондой эле, бүгүнкү күндө УКМКнын маалымат базасында Мамлекеттик каттоо кызматынын паспортторду чыгаруу үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу иште жетиштүү далилдер бар экени, учурда бул ишке байланыштуу тергөө иштери уланып жатканы кабарланган.

Эске салсак, 2018-жылдын 8-октябрында 1 млрд. 200 млн. сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге беш чет элдик компания катышып,  алардын бири эң арзан 686 млн. 772 миң 250 сом сунуштаганына карабай,  Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясынын чечими менен 940 млн. 150 миң сом сарптоочу башка компанияны жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 млн.  377 миң 750 сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилгендиги үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM