Биз менен байланышыңыз

Республикада «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 625 | 0

Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган сынакты өткөрүү чечими Президенттин  «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө 2019-жылдын 11-январындагы № 1 Жарлыгынын негизинде «өсүү түйүндөрү» деп аталган шаарлардын балдар жана жаштарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жасап жаткан ишине дем берүү максатында кабыл алынган.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат концепциясына киргизилген «өсүү түйүндөрү» аталган шаарлар: тактап айтканда, Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарларында өткөрүлөт. Сынакка катышуу – ыктыярдуу. Жалпы байге фонду 6 млн. сом.

Он шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку упай топтогон 3 шаарга байгелүү орундар (1, 2 жана 3-орун) ыйгарылат.

Сынакта 1-орун алган шаар 3 млн. сом акчалай сыйлык алат. 2 жана 3-орундарды ээлеген шаарларга 2 млн жана 1 млн сомдон берилмекчи.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын шарттары жана мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат жакынкы мезгилде ЖМКларга жарыяланат.

Copyright © 2017 Maral FM