Биз менен байланышыңыз

Францияда Нотр-Дамды оңдоо долбоору сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 721 | 0

Франциянын Vincent Callebaut Architectures архитектуралык бюросу Нотр-Дам чиркөөсүн оңдоого «Палингенезис» (кайра жаралуу) долбоорун сунуштады.

Автор белгилегендей, эң башкы милдет бир эле убакта өлкөнүн тарыхын, искусствосун жана илимдеги жетишкендиктерин кошо чагылдыруу болуп саналат. Архитекторлор чиркөөнүн төбөсүн түссүз айнектен жасоону сунуштоодо. Ага мөмө-жемиш багын өстүрүп, муктаж болгондорго таркатууга болорун айтат. Андан сырткары, түссүз салынган имарат ток жиберилгенде, ичинен жагымдуу жана жылуу көрүнөт.

Эске сала кетсек, чиркөөдөгү өрт 15-апрель кечки саат 9дарда башталып, тездик менен айланага жайылган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын башкы мунарасы урап түшкөн. Франция президенти Эммануэль Макрон 5 жылдын ичинде тарыхый имаратты калыбына келтирүүгө убада берген.

Copyright © 2017 Maral FM