Биз менен байланышыңыз

Күйүүчү майлар арзандабай жатканынын себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 13 мая 2019 | 574 | 0

Дүйнөдө өлкөлөр арасында тирешүүлөрдөн улам, мунайдын баасы туруктуу болбой жатат. Анын таасири Кыргызстанга да тиет. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мунай алдын ала түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн нарк менен сатылат. Ошондуктан, рынокто мунайдын баасы төмөндөсө да, күйүүчү май арзандабай, наркы туруксуз болуп жатат. Тагыраагы, мунайдын учурдагы баасы бир жыл мурда түзүлгөн келишимге тиешелүү болбой калууда.

«Мамлекет рынокту тең салмакта кармашы керек. Коңшу Казакстанда бензин арзан болгону менен ишкерлер аны Кыргызстанда арзан сатууга кызыкдар эмес. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү май казактардан кантип келгенин текшерип, көзөмөлдөй албай жатат. Поезд менен бензин ташуу аткезчилиги күчөп баратат. Көлөмдүү бензин аткезчилиги чоң схемалар менен жасалат. Анткени, бензинди ташып келүү үчүн аны сатып ала турган заводдор аз санда. Демек, заводдордон чыгып жаткан бензиндин көлөмү Салык кызматында, чек арада ачык көрүнүп турат. Бирок бензин бизге келгенде башка аталыш менен катталып калышы мүмкүн», — дейт Мамытканов.

Анын айтканына караганда, Кыргызстан жылына 1,5 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Анын 300 миң тоннадан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлөт.

«Ташылып келген күйүүчү майдын системасын көзөмөлдөгөн Бажы кызматынын кейпин көрүп жатабыз, башчыларынын баары камалууда. Азыркы жетекчилик коррупциялык схеманы көзөмөлгө алып, экономикага пайда келтирүү максатында иш жасаса, депутаттар кыйкырып чыкмак эмес. Демек, мурдагы иш дале уланып жатат. Эгерде көзөмөлдү күчөтсөк, бюджеттин тартыштыгы жоюлат. Мамлекеттик кызматкерлер өлкөнү өнүктүрөбүз дешсе, баары башкача болмок. Коррупциялык схема бир күндө пайда болгон жок. Система өзгөрбөй жатат. Анткени баары жеке саясий топко, чиновниктердин кызыкчылыктарына байланып калган», — дейт Мамытканов.

Copyright © 2017 Maral FM