Биз менен байланышыңыз

Ошто №36806 аскер бөлүгүнүн жоокерлери ант беришти

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 789 | 0

Бүгүн, 11-майда Ош шаарында №36806 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлери ант беришти. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ош шаардык «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде болгон салтанаттуу аземде ан берүүдөн тышкары, жаш жоокерлер тарабынан даярдалган курал менен саптык ыкмалар, тактикалык эпизод жана кол менен урушуу ыкмалары көрсөтүлдү.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, гарнизондун аскердик коменданты, жоокерлер, энелер комитети ошондой эле жоокерлердин ата-энелери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM