Биз менен байланышыңыз

231 казакстандык Сириядан өлкөсүнө кайтарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2019 | 602 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сириядан 231 казакстандык эвакуацияланганын маалымдады.

«Менин тапшырмам менен 7-9-май күндөрү Сириядан 231 казакстандык, анын ичинен 156 жаш бала жана 18 жетим бошотулду. Бул ири көлөмдүү акция экс-президент Нурсултан Назарбаевдин буйругу менен жыл башында кабыл алынган токтомдун негизинде «Жусан» операциясынын алкагында ишке ашты. Алынып келинген жарандарга мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга медициналык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат Токаевдин билдирүүсүндө.

Казак лидеринин айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь айында Сириядан алынып келинген аялдар радикалдык көз караштарынан баш тартып, ишке орношуп, туугандары менен байланышты чыңдай алган.

 

Copyright © 2017 Maral FM