Биз менен байланышыңыз

11-майда «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолу убактылуу жабылат

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 451 | 0

11-майда Чолпон-Ата шаарында С. Жуманазаровдун жаркын элесине арналган «Кыргызстан-Run the Silk Road» VIII эл аралык марафону өтөт. Мындан улам, «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунун 83-чакырымынан 105-чакырымында (Бактуу-Долоноту айылынан баштап Корумду айылына чейин) жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бардык айыл чарба, курулуш техникаларына жана жүк ташуучу, оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына каттам жабык болот.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларга «Балыкчы-Ананьева-Каракол» унаа каттамындагы кыймылга алтернативдүү маршруттарды тандоону алдын ала эскертет.

Мындан тышкары, жаралган ыңгайсыздык үчүн Ысык-Көл облусунун тургундарынан, конокторунан кечирим сурайт жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо көрүлгөн тиешелүү чараларды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM