Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравиянын падышасы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 534 | 0

Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиш Күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун телеграммасында Жеңиш күнү менен чын ниеттен куттуктай турганын жана гүлдөп-өнүгүүнү каалай турганын билдирген.

«Сиздин өлкөңүздөгү Жеңиш күнүнө байланыштуу Сауд Аравия элинин, Сауд Аравия падышачылыгынын, Өкмөтүнүн атынан жана өз атымдан Сизди чын ниеттен куттуктайм. Сизге ден соолук жана бак-таалай, ал эми боордош кыргыз элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Биздин саламыбызды жана сый-урматыбызды кабыл алып коюңуз», — деп билдирген Сауд Аравия падышасы.

Copyright © 2017 Maral FM