Биз менен байланышыңыз

Путин Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жеңиш майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 600 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.  Бул тууралуу  Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Владимир Путин өз куттуктоосунда кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук мамилесинин өнүгүшүнө ишенимин билдирди.

«Ушул салтанаттуу күндө Жеңиш үчүн фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен күрөшкөн биздин ата-бабаларыбызды жана тылда жанын аябай эмгектенгендерди биз чексиз ыраазычылык менен эскеребиз.  Согуштук сыноо күндөрүндө  чыңдалган достук жана өз ара жардамдашуу каада-салты мындан ары да кыргыз-орус мамилелеринин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык жана урматтоо сөздөрүн билдирди. Бекем ден соолук, бакубаттуулук жана ийгилик, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM