Биз менен байланышыңыз

Чоң атасынын сүрөтүн көтөргөн президент. «Өлбөс полктон» сүрөттөр

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 634 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты.

Жүрүштө өлкө башчысы өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин алып чыкты. Эске салсак, ал былтыр да «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышкан.

«Бүгүнкү 9-май Улуу Жеңиш күнү — ар бирибиз үчүн ыйык күн. Биздин келечек үчүн өмүрүн арнаган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын элесине таазим этебиз. Бүгүнкү биздин жүрүшүбүз алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, кийинки муундардын да жүрөгүндө сакталат. Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак, аманчылык болсун!», — деп белгиледи Президент.

Copyright © 2017 Maral FM