Биз менен байланышыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышууда

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 619 | 0

Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшү өтүп жатат. Жүрүшкө кошулган элдин саны көп, көчөгө батпайт.

«Өлбөс полктун» жүрүшүнө өлкө президент Сооронбай Жээнбеков да согуштан кайтпай калган чоң атасы Пирназаров Жээнбектин сүрөтү менен катышууда.

Жүрүшкө чыккандар колдоруна согушка катышкан, тылда эмгектенген аталарынын, чоң аталарынын плакаттарын көтөрүп алышкан.

Жүрүштү аскердик оркестр, күч түзүмүнүн кызматкерлери жана Тез жардам унаасы коштоп жүрөт. Түштүк дарбазадан башталган жүрүш «Жеңиш» аянтынан аяктары алдын ала маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM