Биз менен байланышыңыз

Ардагерлер Жеңиш аянтынан орун алышты (сүрөт)

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 627 | 0

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башталды. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Жеңиш аянтынан орун алып башташты. «Өлбөс полк» жөө жүрүшү да аталган аянтка чейин келмекчи. Анда президент Сооронбай Жээнбеков «Өчпөс отко» гүлчамбар коюп, куттуктоо сөзүн сүйлөмөкчү. Кечинде майрамдын урматына концерттик программа даярдалганы да кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM