Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 533 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 40тан ашуун адам курман болгон Шереметьево аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. «Биз Орусиянын эли менен бирге кайгырып жатабыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Элчи Николай Удовиченко Сооронбай Жээнбековго Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш Күнүнө карата куттуктоосун билдирди. Ал эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык аракеттерди жумшай турганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Николай Удовиченко Владимир Путиндин мамлекеттик визитинин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар, 2020-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу жана ошондой эле Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити боюнча маектешти.

Copyright © 2017 Maral FM