Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоев 6 сааттан бери сурак берүүдө

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 892 | 0

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 6 саттан бери суракта. Мындай маалыматты «Марал» радиосуна «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, Дастан Догоев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылган. Учурда ага жактоочу жиберилди.

— Алты сааттан бери сурак берип жатат. Эмнеге чакырылганын билбейбиз. Жактоочу керек деген экен, жиберилди. Азыр бизде башка маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Догоевдин кармалганы чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

Эске салсак, 26-февралда паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерден мамлекеттик бюджетке 253 млн. 377 миң сомдук зыян келтирилген. Буга айыпталып Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери камакка алынган.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматын 2017-жылдын июнь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин жетектеген. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп бул кызматтан кеткен. Ага чейин Догоев Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM