Биз менен байланышыңыз

УКМК: Дастан Догоевдин кармалуусу чындыкка дал келбейт

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 783 | 0

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалгандыгын айрым маалымат каражаттары жарыялоодо. Бирок мындай маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов четке какты.

«Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Дастан Догоев кармалган жок», — деди Сулайманов.

Бирок, «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева Дастан Догоевдин Улуттук коопсуздук комитетинде 6 сааттан бери кармалып жатканын айтып, учурда адвокат жиберилгенин айтты.

Эске салсак, 26-февралда биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген деген айып менен мамлекеттик катоо кызматынын кызматкерлерине сотко чейинки иликтөө башталган, тендер өткөрүүгө түздөн- түз тиешелүү адамдердын арасында Дастан Догоевдин ысымы да аталган.

Copyright © 2017 Maral FM