Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинге барды

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 717 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Жеңиш күнүн утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсалов жана Алексей Варавинден кабар алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы ардагерлердин үйүнө барып, алар менен баарлашып, эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшкөн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин турмуштук жолу, каармандыгы жана эрдиги кийинки муундар үчүн үлгү экендигин белгиледи.

«Биз  ардагерлерибиздин каармандыгын жана Ата Мекенге өтөгөн кызматын эч качан унутпайбыз. Эртең, 9-майда, мен жылдагыдай «Өлбөс  полктун» жүрүшүнө катышам. «Өлбөс полк» — Мекен үчүн жана адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди түбөлүккө эскерүү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ардагерлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамына карата символикалуу белектерди берди. Усубакун Байсалов Президентке өзүнүн турмуштук жолу жөнүндө жазган китебин тартуулады. Ардагерлер согуш жылдары жана өздөрүнүн турмуштук жолу тууралуу айтып беришти.

Усубакун Байсаловдун айтымында, аскерге 18 жашында чакырылып, согуш бүткүчөктү байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Эки жолу жарадар болгон, II топтогу майып. Жеңишти Польшадан тоскон. Мекенине 1946-жылы кайтып келип, билим берүү тармагында эмгектенип, мектеп директорлугуна, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине чейин көтөрүлгөн. 95 жаштагы Усубакун Байсаловдун 8 уул-кыздары, небере, чөбөрө, кыбыралары бар.

98 жаштагы Алексей Варавин 1942-жылы Воронеж фронтуна жөнөтүлгөн. 1944-жылы Звенигород танк дивизиясынын мина ыргыткыч кызыл туу полкуна которулуп, ал жакта согуштун аягына чейин кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күжүрмөн эмгеги үчүн «Кызыл жылдыз» ордени жана «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеӊгени үчүн» медалы менен сыйланган. Согуштан кийин музыкалык мектепте аскерге чейинки даярдык сабагынан мугалим, Украин жана Кыргыз ССРинде мамлекеттик коопсуздук органдарында эмгектенген.

 

Copyright © 2017 Maral FM