Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин кызматташтык ишине Түркия ыраазы

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 370 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Улуттук улуу жыйынынын спикери Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Кечээ 7-майда өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Түркия парламентинин төрагасы эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык байланышты бекемдөө ишинде жигердүү кызматташып, ошондой эле, ТүркПАнын алкагында биргелешип, өз ара тыгыз аракеттенип жаткандыгы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди.

Тараптар парламенттик достук топторунун деңгээлинде эки өлкөнүн парламенттеринин, ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасынын Түркияга пландалып жактан иш сапарынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM