Cоциалдык тармактарда мектептердеги акча чогултууга каршы пикирлер байма-бай айтылып келет. Жакында эле Новопавловка мектебинин ата-энелери митингге чыгып, бул боюнча башкы прокуратура лицейдин сарптаган акчасын текшере баштаган. Бул жагдайдан улам, министрликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, бир катар билим берүү тармагынын серепчилери катышкан тегерек үстөл болуп өттү.
Новопавловкадагы мектептин ата-энелери акча чогултууга каршы чыккандан бери, буга чейин байма-бай айтылып келген көмөкчү фондго акча чогултуу маселеси кызуу талкууга алынып, аталган мектептин сарптаган акчасын Башкы прокуратура текшере баштаган.
Бул нааразычылык, даттануу мектептердеги жагдайдын бир гана мисалы. Анткени, акыйкатчы институтуна өткөн жылы ушул сыяктуу даттануулар менен 9 чалуу келип түшкөн. Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиеванын айтымында, тилекке каршы, келген арыздардын көбү анонимдүү болгондуктан, козголо турчу иш аягына чыкпай калат.
— Бизде даттануулар үчүн атайын ишеним номери бар. Тилекке каршы, чалган ата-энелердин көбү анонимдүү болуусун өтүнүшөт. Алынган маалыматтардын негизинде тиешелүү органдарга кат жиберсек, алар анонимдүү арыздарды кароо мүмкүн эместигин айтышат. Ошондуктан, ата-энелер кайрылганда аты-жөнүн так айтышса, маселеси өз убагында чечилмек.
Серепчилер мектептердеги көмөкчү фондго акча чогултуудагы эң чоң катачылык сабак учурунда балдардан да акча суралганы дешет. «Бул балдардын психологиясына доо кетирет», — дейт «Булан» институтунун координатору Назгүл Калмамбетова. Анткени, ушул маселе боюнча атайын иликтөө жасап жаткан учурда мектептеги акча чогултуунун айынан жоголуп кеткен балдар да болгон.
— Биз ушул маселенин үстүнөн иштеп жатканда көп мисалдарга туш болдук. Маселен, педагогикалык кеңеште акча бербеген 9-класстын окуучусун «кечки мектепке которобуз», — деген чечим чыгарышкан. Мунун айынан окуучу 2-3 күн жоголуп кеткен. Иш боюнча эч ким үн каткан эмес. Кийинчерээк кийлигишип жатып, мектеп директоруна сөгүш жарыялаттык.
Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерден акча чогултууга министрликтин эч кандай тиешеси жок экенин айтат. Анткени, көмөкчү фонддорду ата-энелер өздөрүнүн демилгеси менен түзүшөт. Деген менен бул фонддордун мектептерди материалдык жактан камсыздоодо орду зор экенин белгилеген министрликтин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева: «Ызы-чуунун баары ата-энелердин маалыматы жоктугунан келип чыгууда», — дейт. Тактап айтканда, көмөкчү фонддун мүчөлөрү маалыматты толук бербей, ата-энелердин нааразычылыгын жаратат.
— Айрым мектептерде бул система жакшы иштейт, ата-энелер нааразы эмес. Ызы-чуу, нааразычылыктар ата-энелерге маалымат берилбеген, көзөмөлгө алынбаган мектептерден чыгат. Мындай учурда биз ата-энелерге укук коргоо органдарына кайрылуусун сунуштайбыз. Себеби, министрлик көзөмөлгө ала албайт. 2015-2016-окуу жылында өкмөттүн буйругунун негизинде көмөкчү фонддорду министрликтин көзөмөлүнө алууга аракеттенгенбиз. Бирок, ата-энелерден каршылык жаралып, ал ишибизден майнап чыккан эмес.
Маалыматка ылайык, ата-энелердин фонду 1990-жылдары уюшула баштаган. Эл өкүлү Евгения Строкова ал учурда фонддор билим берүү системасындагы абалды туруктуу сактап калууга алгылыктуу салым кошконун белгилейт. Деген менен бүгүнкү күндө да бюджеттен бөлүнгөн акча менен заманбап билим берүүнү алдыга алып кетүү мүмкүн эместигин айтып, бул фонддордун орду чоң экенин эскертет. Анткени, ушул убакытка чейин Билим берүү жана илим министрлигине бюджеттен жалпы каражат гана бөлүнүп, сапаттуу билим берүү үчүн бир балага канча акча кетери так эсептелген эмес.
— Биз билим берүү тармагындагы реформаны көп айтабыз. Бирок ошол реформаны ишке ашырууга канча акча кетери белгилүүбү? Дегеним, бүгүнкү күндө бир балага сапаттуу билим берүү үчүн канча акча сарпталары белгисиз. Жалпы каражат бөлүнөт, бирок ар бир бала эске алынган эмес. Азыр мектептер алдыга умтулуп жатканда, ата-энелер сапаттуу билим берүүнү талап кылып жатканда, ар бир балага сарптала турган акчаны эсептөө маанилүү.
Мектепте акча чогултууга каршы нааразычылыктардын көпчүлүгү Бишкек шаарында болуп келет. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, жергиликтүү бюджеттен борбор калаадагы мектептерге жыл сайын 3,2 млрд. сом бөлүнөт. Ал эми ата-энелер жылына 300 млн. сомдой чогултушат.