Биз менен байланышыңыз

Министр Айдарбеков Түркиядагы мекендештер менен сүйлөштү

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 1360 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында кечээ Анкара шаарындагы мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти кабарлады.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 10-апрелинде Түркия Республикасына болгон иш сапарындагы кыргыз диаспорасынын активи менен жолугушуусунда берилген тапшырмалардын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, министр ушул жылдын 7-майында Түркиянын Тышкы иштер министри менен боло турган сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө  бир катар принципиалдуу жана маанилүү макулдашуулар күтүлүп жатканын мекендештерге маалымдады.

Жолугушууга ошондой эле, Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Copyright © 2017 Maral FM