Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: «Марал» маалыматтарды калыс чагылдырат

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 669 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров радио күнүнө карата «Маралдын» атайын чыгарылышында «Айлампа» программасын алып барды. Эл өкүлү бул үчүн 2 күн даярданып, маалыматтарын чогултуп келген. Себеби ал эфирде алып баруучу болуу чоң жоопкерчилик деп эсептейт. Унаада жүргөндө такай «Марал» радиосун угарын айтып, ой бөлүштү.

— Анткени, «Марал» бейтарап, калыс маалыматтарды чыгарат. Айрым радиолордо жалаң мактоо болсо, башкаларында жамандаган эфирлер чыгат. Сиздерден (ред: Маралдан) калыс чагылдырылган маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк бар. 

Эскерте кетсек, 7-май – радио күнүнө карата «Марал» радиосунда атайын уктуруулар болуп, анда саясатчылар, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү жана таанымал инсандар эфир алып барышууда.

Copyright © 2017 Maral FM