Биз менен байланышыңыз

Түркия: Стамбулга мэр кайрадан шайланат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2019 | 612 | 0

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Стамбул шаарынын мэри кызмат ордуна өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Өлкөнүн ири шаарынын башчысын шайлоодо оппозициячыл Экрем Имамоглу жеңип чыкканын Anadolu маалымат булагы билдирет.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайрадан шайлоо өткөрүү демилгесин Түркия БШКсынын 11 мүчөсүнүн жетөө колдогон.

Бул чечим «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын (АК партия) кайрылуусунун негизинде кабыл алынган. Партиянын кайрылуусунда шайлоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгону белгиленет.

Кайра шайлоо 23-июнда өтөт.

Эске сала кетсек, Түркияда муниципалдык шайлоо 31-мартта өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM