Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда экспорттоочулар жеңилдетилген насыя ала алышат

Кыска кабар | 7 мая 2019 | 430 | 0

“Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо” долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя жеткиликтүү болот.

Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

2019-жылдын майынан тартып Кыргыз Өкмөтү “Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо” долбоорун ишке киргизет. Анын башкы максаты – өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Тамак-аш кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга жылдык 8-10 акыркы пайыздык үстөгү менен узак мөөнөттү жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Буга чейинки «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1» долбооруна салыштырмалуу жаңы Долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын алуу укугу каралган. Анда негизги каражаттарга 1 млн сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес өлчөм белгиленген.

Долбоорду ишке ашыруу тандалган коммерциялык банктар аркылуу берилген насыя каражаттарынын пайыздык коюмдарын субсидиялоо жолу менен жүргүзүлөт. Тийиштүү финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган.

Copyright © 2017 Maral FM