Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү ишкерлер баркталмайынча, чет элдик инвесторлор бааланбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 650 | 0

Жергиликтүү ишкерлер баркталмайынча, чет элдик инвесторлор бааланбайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жумушчу орундарды түзүү үчүн ишкерлерди мактап, колдоого алуу зарыл.

Бирок, Кырызстан акыркы 25 жылда өзгөчө жаш бизнесмендерди мыскылдап келе жатат.

«20-40 жаш курактагы балдардын көбү Кыргызстанда шарт түзүлбөйт экен деп, өлкөдөн чыгып кеткен. Чоң Алайга бар десең, кыргыз ишкерлеринин баргысы жок. Чет жакта ыңгайлуу шарттарга көнгөн адамдарды андай жерлерге алып баруу оңой эмес. Ошондой эле, Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу «Жибек жолу» визасын ишке киргизүү боюнча Кыргызстан гана кечеңдеп жатат», — дейт Жапаров.

Ал мындан сырткары, Борбор Азияда инвестициялык согуш болуп жатканын белгиледи.

Эл өкүлү өзбек лидери Шавкат Мирзиёев жашыл экономика боюнча жарлык чыгарып, анын арты менен биогаз чыгарып, Күн энергиясын колдонгон жарандар 3 жылга салыктан бошотулуп жатканын айтып өттү. Кыргызстан да бул жаатта аткарылчу жумуштарды кечиктирбеши шарт экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM