Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө келген инвестициянын төмөндөшүнүн себеби айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 720 | 0

Былтыр Кыргызстанга келген инвестициялардын көлөмү 570 млн. долларды түзгөн. Ал 2017-жылга салыштырмалуу 7,6 %га төмөн. Бул тууралуу Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Адылбек Шумкарбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө кирген инвестициянын төмөндөшүнө глобалдык, аймактык деңгээлде инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү жана «Кумтөр» компаниясынын тапкан пайдасын инвестицияга салбай калышы себеп болгон.

«Инвестиция тартууда 2 маселе бар. Алар: инвестициялык климатты жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруу. Чет өлкөлүк инвестор менен соттошуулар маалыматтык фонддо инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча, казак, орус ишкерлери чочулап турат. Андыктан, бул багытта да чоң жумуштарды ишке ашыруу зарыл. Ал эми долбоорду ишке ашырууда инфраструктура менен жер тилкесин даярдап берүүдө убакыт созулуп кетүүдө. Албетте, кемчиликтерден жыйынтык чыгардык. Долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү пакеттерди алдын ала даярдоо, юридикалык документтерге, жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Кээде мыйзамдарды иштетүүдө маселе жаралат, аны танбашыбыз керек», — дейт Шумкарбек уулу.

Ал мындан сырткары, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги инвесторлорду коргоодо мыйзам талаасы менен иштешерин белгиледи.

«Эки тараптуу инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча келишимдер бар. Башкысы, мамлекеттер аралык келишимдин негизинде инвесторлорду коргоп, жардам бере алабыз. Маселе жаралса, сотко жеткирбейли деп сотко чейинки талаштарды чечүү үстүндө да иштейбиз. Эми жакында бизнес-омбудсмен ишке киришет», — дейт Шумкарбек уулу.

Copyright © 2017 Maral FM