Ысык-Көлдүн тескей Ала-Тоосунан орун алган Жети-Ѳгүз ден соолукту чыӊдоочу курортунун түптөлгөнүнө быйыл 88 жыл толду. Кезинде күнүнө СССРдин ар кайсы өлкөсүнөн келген миӊден ашуун бейтапка кызмат көргөзүп келсе, азыр суткасына 250 адамды тейлөөгө араӊ жетишет. Анткени, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта курорт кароосуз калып имараты эскирди. «Эртерээк калыбына келтирилбесе, уникалдуу жайдан кол жууп калабызбы?» — деп, жергиликтүү тургундар кабатыр.
— Биз мамлекеттик профсоюздук федерациясынан эс алууга жолдомону 10-20 жылдап араӊ алабыз. Дарыланганыбыз үчүн күнүнө миӊ сом төлөйбүз. Бизди кабатыр кылганы имарат таптакыр каралбай калды. Оӊдоп-түзөө деген жок. Жатак бөлмөлөрдө кол жууганга эле муздак суу акпаса, даараткана, жуунуучу жай тышта жайгашкан.
Бишкек шаарынын тургуну Мунара Белекова билдиргендей, Жети-Ѳгүз районундагы табигый ден соолукту чыӊдоочу курортуна 1965-жылдан бери бир да жолу капиталдык оӊдоо боло элек. Азыр көпчүлүк эс алуучулар радон суусуна карап айласыздан келишүүдө. «Инфрастуруктуралык шарттары таптакыр канааттандырбайт», — деген пикирлерин башкалар да айтышат.
— Имараттын ичиндеги эмеректер, жылытуу системасы, даараткана, жуунучу жай бүт эскирген.
— Курортко атайын камданып, жакшы эс алып кетейин деген ой менен келесиң да. Тамак-аш, медициналык тейлөө жакшы. Бирок имаратка капиталдык оӊдоо жүргүзбөсө, болбой калыптыр.
— Бул жактын дарылык касиетине карап, жеке эле биз эмес, чет өлкөлүк жарандар да келишет экен. Польшадан, Канададан, Россиядан келген жарандарды көрдүм. Эмнегедир алар көпкө токтогон жок. Менимче, ички шарттар көӊүлдөрүнө туура келбей калды окшойт. XXI кылымдын талабына ылайык оӊдоп коюшса, көп адам келмек.
— Мен да эл катары профсоюз уюмунун жолдомосу аркылуу келдим. Имараты союз учурунда курулган боюнча кароосуз калган. Мамлекеттин эле көзүн карабай, биздеги чыгаан демөөрчүлөр деле жардам берсе деген ойдомун.
Анткени, ден соолукту чыңдоочу жай союз тарагандан кийин Кыргызстан профсоюз федерациясына өткөрүлүп берилген. Алар каражат тартыш дегенден башканы айтышпайт. 1931-1965-жылдары курулган имараттар өз учурунда оӊдолбой, ички эмеректер да кызматын өтөп бүттү. Ушул жагдайдан улам, «Какпаган эшигибиз калбады, кур убадалардан жадап бүттүк», — деди медайым Бактыгүл Бокоева.
— Бизде жаӊылануу деген таптакыр боло элек. Аны күткөнчөктү имараттын сыртындагы шыбактар түшүп, эшик-терезелер сынып баштады. Капиталдык оңдоого эч жерден акча бөлүнбөйт. Профсоюз федерациясы «Жок!» — дегенден башка жооп бербейт. Азыр жогорку бийликтен эч ким укпай калды, кайда барып кайрылууну да билбей калдык.
Ал гана эмес, физикалык дарылоо үчүн аппараттар, сууга түшүрүүчү бассейиндер, медициналык жабдуулар да эскиргенин санаторийдин башчысы Шаймизин Кадыров да кошумчалайт. Азыркы күндө ички-тышкы оңдоого 20 миллион сом керек болууда. «Канааттандырарлык деген шарт менен бир адамга күнүнө миӊ сом өлчөмүндө акы алынса, кеткен чыгымдарды да актабай калат», — деди ал.
— Профзоюздун жетекчилиги бат-баттан алмашат. Ашып кетсе эки жыл иштейт, жаӊыдан таанышып баштаганда, кайра башка жетекчи шайланат. Бул көрүнүш биздин ишибизге да бир топ тоскоолдук жаратууда. Алардын кесепетинен биздики сыяктуу башка курорттор да каралбай калды. Биз деле өзүбүздүн күчүбүз менен имаратты оӊдогубуз келет. Бирок түшкөн кирешенин 10 %ын федерация алып алат. Анан салык, электр жарыкка, жылуулукка, тамак-аш, кызматкерлердин акысы деп атып, эч нерсеге жетпей калат. Эл аз келген маалдарда, чыгымга учурап калуудабыз. Жыйынтык болуш үчүн көп адамга жолдомо бериш керек, же өкмөттүн балансына өткөрүү зарыл.
Айта кетсек, 88 жылдык тарыхы бар Жети-Ѳгүз ден соолукту чыӊдоочу курорту деӊиз деӊгээлинен 2200 метр бийиктикте турат. Бүгүнкү күндө 4 корпустун бирөө гана калкка кызмат көрсөтүүдө. Табигый суусунун касиети дүйнө жүзү боюнча 5-орунда турарын дарыгерлер кошумчалашат.