Биз менен байланышыңыз

Жолго зар болгон зардалылыктар

Коом | 18 Фев 2019 | 2095 | 0

Баткен районунун тоолуу, шарты катаал Зардалы айылына кыш мезгилинде транспорттук каттам токтоп, жергиликтүү эл бийик тоо боорундагы чыйыр жол менен 10 чакырым жөө жүрүүгө аргасыз болот. Бийик  тоолордун бооруна салынган жолду жергиликтүү эл «Даңги жолу» деп атап койушкан. Бул жолдо түнкүсүн жүрүүгө болбойт. Анткени кулап кетүү коркунучу бар. Ушул чыйыр жолго кышкысын кар түшүп  жолдун айрым бөлүктөрүнө кум, шагыл  толуп калат. Мындан улам жергиликтүү жаштар  жолду оңдоо үчүн атайын райондон барып, мезгил-мезгили менен жолду тазалап турушат

Ушул жолду оңдоо үчүн айылдан жаштар кезек менен келип оңдоп турабыз. Зардалы айылын айланып өтүүчү жол кышкысын транспорттун келе албагандыгынан улам, айыл эли ушул чыйыр жол менен катташат.

Зардалы айылы бийик тоолуу аймак болгондуктан айылга электр энергиясы жеткен эмес. Мындан улам бул айылда кышкысын эсептелүү  гана адам жашайт. Алардын бири Тойчу Кайымбеков, туулгандан бери ушул жерде жашап, ата-бабасынын жайын таштап кеткиси келебейт.

— Биздин элдин жашоосу өтө татаал. Жолубуз начар. Кышкысын автоунаа каттабайт. 5-6 ай автоунаа менен жүрөбүз калган убакта жөө жүрүүгө мажбурбуз. Электр энергия, телефон байланышы жок. Бирок ушундай жашоого көндүк. Ата-бабаларыбыздын жерин таштап кеткибиз келбейт.

Зардалы айылында телефон байланышы да жок. Бирок  электр энергия, телефон байланышынын жоктугу Зардалынын элин анчайын деле түйшөлтпөйт. Анткени айыл тургундары шаардагы ызычуудан качып тоо арасында жай жашаганга көнүп калгандай көрүнөт.

Жашаганыбызга 7 жыл болду. 3 балалуу болдук. Жашообуз жакшы. Кышкысын жол эле татаал болбосо баары жакшы.

Зардалыда жаз мезгилинде жашаган жарандар  кеч күздө райондун борборуна кетишет. Кетип жатып турак жайын, мал жандыктарын айылда кыштап калган туугандарына таштап кетүүгө аргасыз болушат. Зардалы айылынын тургуну Касымали Каламбеков да туугандарынын үй-жайын карап калган.

-Мен бул жерде 5 кожолуктун мал жандыктарын карап турам. Азыр тайкемдин кой-эчкилерине жем-чөп берейин деп кетип жаткан чагым.

Ал эми жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө район акими Кеңеш Салихов чоң суммадагы акча керектигин айтат. Жолду оңдоп, электр эенргиясын тартуу үчүн жергиликтүү бийликтин алы жетпейт. Мындан улам бул көйгөйдү чечүү максатында Өкмөткө да кайрылышкан.

-Жолду куруп, электр энергиясын алып баруу үчүн чоң суммадагы акча керектелет. Анткени аска-зоолорду жардырып жол куруу керек. Анан электр энергия. Бизде каражат жок. Биз Өкмөткө кат аркылуу кайрылганбыз. Бул биздин планда бар. Бирок качан чечилери белгисиз.

Жаз мезгилинен тартып Зардалыда элдин саны өсө баштайт. Анткени жазда айылга транспорттук каттам ачылат, ал эми кышкысын 10 го жакын кожолук айылда күн кечиришет.

Белгилей кетсек, мындан туптуура 20 жыл мурун Зардалыда бүтүндөй Кыргызстандын тынчын алган окуя болгон. Жыйырмага жакын куралдуу адамдар Зардалы айылына кирип өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Мындан 20 жыл мурун болгон окуя “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калган.

Copyright © 2017 Maral FM