Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунда дыйкандар ассоциациясы түзүлөт

Коом | 18 Июл 2019 | 763 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда картошка көп айдалат. Өткөн жылы 40 гектарга жакын жерге айдалган картошканын баасы чыкпай калып, дыйкандар чыгымга учурган. Ал эми бул жылы андан азыраак, тагыраагы, 28 гектар жерге айдалды. 

— Ушу картошканын баасын көтөрүп берсе, чоӊдорго «Ураа!» дейт элек. Өткөн жылы ар бир үйдө кыйналуу болду. Ошон үчүн Кыргызстан кедей болуп жатат. Жогору жакта отургандар айыл чарбасын өндүрүп берсе, бизге жакшы болмок.

Каракол шаарынын тургуну Майрамкүл Султангазиева билдиргендей, быйылкы жылы облустагы дыйкандар «Картошка баа болобу?», — деген үмүттө. Бирок өткөн жылкы акчага күйгөндөрдүн айрымдары бул жылы картошка эгүүдөн баш тартты. Алардын бири Жети-Ѳгүз районундагы Конкино айылынын тургуну Турсун Орозбекова чарбагына жайкысын жегенге гана 1 чака картошка айдаган. Ал: «Калганын сатып алам», — дейт.

— Көбүрөөк айдасам, былтыркы кейпти киебиз. Ошондуктан, быйыл жайкысын жегенге эле деп, 1 чака гана айдадым. Жерди айдаш үчүн трактор жалдайбыз, күйүүчү майга акы кетет, отоп-сугарабыз. Бул жылы 3-4 кап сатып алсам, кыштан чыгабыз.

Ошентсе да, Ак-Суу жана Түп районунан «Караганыбыз бир гана айыл чарбасы, андан башка киреше түшүүчү булак жок», — дегендер бар. Алар бул жылы бери дегенде 50 сотых жерге картошка айдашкан. Ак-Суу районунун Жолколот айылынын тургуну Самудин Сандыбаев менен Эрмек Жээнбаев: «Бул маселеге өкмөттүн өкүлдөрү олуттуу караса жакшы болмок», — деген пикирлерин билдиришет. Алардын айтымында, ал үчүн коӊшу өлкөлөр менен соода-сатык мамилени чыӊдап, чек ара ачык болуусу шарт.

— Картошканы бир жолу айдап коюу менен тим болбойбуз. Өсүмдүк чыккандан тарта отоп-түптөйбүз. Мына азыркы күндүн ысыгында колорадо коӊузу чыгып, жалбырактарды жеп жатат. Аны кеминде эки жолу дарылоого бир топ каражат кетет. Эми соодалашуу иштери башталганда, Ѳкмөттөн жардам болсо экен.

— Ѳткөн жылы көп айдап алып, эч жерге сата алган жокпуз, керек болсо чириген картошканы уй да жебей койду. Сарымсак септик, андан да дарек жок. Эми ошончо тонналаган картошканы төкчүсүн төгүп, калганын айдадык, башка каякка алып бармак элек. Жогору бийликтегилер Казакстан, Ѳзбекстан менен мамилени бекемдеп, соода-сатыкка жол ачсын.

Ѳткөн жылы облустун дыйкандары гектарлаган жерге сарымсак, картошка эгип, бирок алардын таман акы, маңдай тери акталбай калган. Бул жылы сарымсак аз болсо да, картошка 28 гектар жерге айдалды. Эми күз мезгилинде түйшүк жаралбашы үчүн ишкерлердин башын бириктирген ассоциация түзүү жагы каралып жатканын Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев айтты.

Менин оюмча, дыйкандар бир гана картошка өстүргөндү билбестен, эми элдин башын бириктирген ассоциация түзүү керек. Ѳндүрүмдөрүбүз тууралуу биринчи кезекте өзүбүз ойлонбосок, эч ким ойлонбойт. Мамлекет ойлонсун деген туура эмес. Казакстан же Орусиянын эксперттери келе турган болсо, ассоциация мүчөлөрү аркылуу канча бир тонна картошка беребиз деген макулдашууга жетишүү кезеги келди.

Copyright © 2017 Maral FM