Биз менен байланышыңыз

«Парламентте отургандардын баары Атамбаевдин адамдары»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 453 | 0

Учурда парламентте отургандардын баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде  экенин билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев бардык депутаттарды чөнтөгүнө салып алууга жетишкен.

«Атамбаев КСДПнын гана эмес, башка партиялардын тизмесин да көзөмөлдөгөн. Мамлекетти чыныгы саясатчылар эмес, жалаң ишкерлер башкарууда.  Атамбаев элдин жыргалчылыгы үчүн бийликке оппозиция болуп өткөнүнө ишенбейм. Ал эмнеге жөндөмдүү экенин, колунан эмне келерин билдик. Атамбаевде бийликтин жакшы жагын айтып, кыргыз элинен кечирим сурап өзүн актап алуу жолу гана калды. Ал парламентке келген күндө да жаратмандык иш жаратпайт, жасатышпайт да. Себеби, азыркы оюнчулар экс-президент менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда ары-бери чуркап жүрөт», — дейт Осмоналиев.

Ал буга кошумча, Жогорку Кеңештин өз алдынча боло албай, президенттин көзүн карашы көнүмүш экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM