Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Бабановдун Кыргызстанга келбей койгону туура болду

Кыска кабар , Пикирлер | 6 мая 2019 | 614 | 1

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келбей койгону туура болду. Себеби, өлкөдө шарт өзгөргөн жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде  экенин билдирди.

Анын айтымында, Бабановдун Кыргызстанга келиши да, келбеши да өлкөнүн саясатын кескин өзгөртө албайт. Мамлекеттин саясатын жаштардын аракети өзгөртөт.

«Керт башын эмес, элин ойлоп келген Садыр Жапаровдун абалы кандай болду? Бабановду Жогорку Кеңеште отурганда байкадык. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусун өзгөртүү зарыл болчу. Жашына, билимине карап, Бабановдун айланасына топтолдук. Бирок президенттик шайлоодон соң, бир айдын аралыгында Бабановго болуп көрбөгөндөй жалаа жабылды. Натыйжада, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду», — дейт Осмоналиев.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал 2019-жылдын апрель айынын башында Кыргызстанга келерин айтып, бирок 13-апрелде Москва аэропортунан баш тартканын жарыялаган.

Өмүрбек Бабановго карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул эки иштин акыркысы токтотулган.

Аны айыптоого Он-Адырдагы 2017-жылы 28-сентябрда жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Аноним

    06.05.2019 23:09

    Жаш билимдуу балдардын жолун тороп эски карышкырлардан жол бошобой калдыго балдардф окуткум да келбей калды олтуруп турмого тыгып жатышат андай азаптын кимге кереги бар булар олмойунчо .1. поколения.жол жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM