Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 586 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда көптөгөн адамдардын курмандыгына себеп болгон каргашалуу окуяга байланыштуу Орусиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Copyright © 2017 Maral FM