Биз менен байланышыңыз

Футзал: «Алга-Дордой» — «EREM» финалдык беттештер уланат

Кыска кабар , Спорт | 6 мая 2019 | 550 | 0

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын суперлигасынын финалдык беттештеринин үчүнчү оюну болот.

Бишкектин «Алга-Дордой» клубу Оштун «EREM» командасын кабыл алат.

Беттеш Арча-Бешик конушундагы Газпром ден соолукту чыңдоо комплексинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30да башталат.

Кирүү акысы 200 сом.

Эрежеге ылайык финалдык беттештер сериясы үч жеңишке чейин созулат.

Эске сала кетсек, буга чейинки 28-29-апрелде Ош шаарында өткөн оюндарда «EREM» жеңишке жетишкен. Азырынча 2:0 эсеби менен оштук команда алдыда.

Copyright © 2017 Maral FM