Биз менен байланышыңыз

Президент Орозодо соопчулук иштерди жасоого чакырды

Кыска кабар | 6 мая 2019 | 665 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда ата-бабаларыбыздан келе жаткан Орозо айынын маани-маӊызы бийик экени белгиленген.

«Орозо айы — ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы.

Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук жана бир туугандык мамилелерибизди бекемдеп, пейилибизди оңдоп, соопчулук иштерин жасайлы.

Аруу тилек, асыл максаттар менен күткөн ыйык Орозо айы ар бир үй-бүлөгө жакшылык жана бакубатчылык, куттуу кыргыз жергесине береке алып келсин.

Жараткан орозоңуздарды кабыл кылсын!

Сүйүктүү мекенибиз Кыргызстанды Кудай өзү колдосун!», — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM