Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков реформага баруу үчүн жаңы саясий күч жаратышы зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 563 | 0

УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков реформага баруу үчүн жаңы саясий күч жаратышы зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик кадр тандоодо өзүнө керектүү кызматкерлерди алып келет.

«Бирок корруциялашкан системада чоңойгон адам бир заматта өзгөрүп, «алтын бала» болуп кетпейт. Мындан улам кадр маселесин, мамлекеттик саясатты,  башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү керек. Бийликке акчага кул болбогон кызматкерлерди алып келүү зарыл болуп жатат. Жээнбеков ойлонушу керек, ал жаңы саясатчыларга, таза адамдарга жол ачып бере алабы, кеп ошондо. Эгер анте албаса, анда чоң саясий кризис жаралат», — дейт Мамытканов.

Анын пикиринде, Жээнбеков таза шайлоо өткөрүп, эч бир жакка тартпаса, акчага сатылбаган адамдардын бийликке келишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мамытканов мындан сырткары, учурда аткезчилик менен баюу токтогонун, экономика башка нукка өткөнүн айтып, жаңы ыкма пайда болбосо, экономика бөксөрүп, алдыда кандай саясий кырдаал орун алары белгисиз экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM