Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Матраимовдун кылмышы жок

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 518 | 0

Cаясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосунда талашка айланган фигура экенин билдирди.

«2010-жылы Атамбаевге Райымбек Матраимовдун маселесин көтөрүп чыккам. Матраимов 7 жыл Атамбаевдин колтугунда жүрдү. Демек, кылмышы жок, эгер болсо Атамбаев каматмак. Маселе Атамбаев президенттиктен кетерде, Райымды кызматтан бошотконунда. «Убагында мени байытты, эми Жээнбековду да байытпасын», — деп жатат. Эгер Райым Матраимов кылмыш кылган болсо, эмне үчүн Атамбаев камаган жок? Анын күнөөлүү-күнөөсүздүгүн сот аныктайт», — дейт Бекназаров.

Анын баамында, бир гана Райымбек Матраимовдун эле эмес, көпчүлүк тергөө иштер кетенчиктеп жатканын белгиледи.

Эске салсак, Райымбек Матраимов 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бирок эки жылдан кийин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду кызматтан бошоткон болчу. 2018-жылдын апрель айында Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Бул арыздын негизинде, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны иштен мыйзамсыз алынган деген чечим чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM