Биз менен байланышыңыз

«Үй-бүлөлүк башкаруу системасы өзгөрбөсө, «Райымдар» жарала берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 958 | 0

Cаясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө президенттер алмашканы менен үй-бүлөлүк башкаруу жоюлбай келе жатканын билдирди.

«Мисалы, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тоюнда Башкы прокурорлор ырда десе ырдап, ошол кездеги премьер-министр өкмөт мүчөлөрү менен Максим Бакиевге отчёт беришчү. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында эл өкүлдөрүнүн баары Икрам Илмияновду ээрчишти. Булардын баары — үй-бүлөлүк башкаруунун белгиси. Атамбаевдин үй-бүлөсү катары өлкөнү Илмиянов башкарды», — дейт Бекназаров.

Анын пикиринде, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу системасы өзгөрбөсө «Райымдар» жарала берет.

«Биз системаны өзгөртпөсөк, президентти, парламентти алмаштырган менен «Райымдар» түгөнбөйт. Мен Матраимовго эмес, үй-бүлөлүк системага каршымын. Биз үй-бүлөлүк башкаруу системасын орноткон президенттерди жеңдик, бирок системадан арыла албай жатабыз. Мен Келдибековдун да, Матраимовдун да, Атамбаевдин да душманы эмесмин. Мен үй-бүлөлүк башкаруунун душманымын», — дейт саясатчы.

Ал буга кошумча, Райымбек Матраимов президент Сооронбай Жээнбековдун жакыны деген түшүнүк калыптанып калганын белгиледи.

Эске салсак, 1-майда Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш башталган. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана бир катар депутаттар катышкан. Ал жактан тартылган сүрөттөр социалдык тармакта сынга алынып, нааразычылыктарды жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM