Биз менен байланышыңыз

«Матраимовдордун тоюна баргандарды элдин көйгөйү кызыктырбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 мая 2019 | 655 | 0

Cаясатчы Азимбек Бекназаров «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээбековдун жакындары Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимов экенин ачык айтканын, аны «эстүү» депутаттар унутпай маани берип келе жатканын билдирди.

«Экс-президент да, азыркы президент да КСДПдан аттанып чыккан. Бийлик партиясынын лидери айтса, демек, Атамбаевге ишенишибиз керек. Ким президент болсо, ошонун ырын ырдап, итине сыйынуу болуп жатат. Райымбек Матраимов президенттин жакыны деген түшүнүк калыптанып калды. Бирок мен буга ишенбейм. Анткени, Райымбек бир жерде «погода» жаратып жатканын көргөн жокмун. Бирок  Матраимовдор атасына аш берип жатса, «эстүү» депутаттардын барбай коюуга акылы жокпу? Аксыда көпүрөлөр сынып, суу ташып жатат. Кызыл-Омполдо уран кени боюнча маселелерге өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар көчүп барган жок. Демек, аларды элдин көйгөйү кызыктырбайт. Аларды 2020-жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке депутат болуу, аткаруу бийлигине келүү кызыктырат. Аны Райымбек Матраимов менен менен Асылбек Жээнбеков чечет», — дейт Бекназаров.

Анын айтымында, ар ким каалаган иш-чарага бара алат. Укуктук жактан эч ким Матраимовдордун тоюна баргандарды күнөөлөй албайт. Бирок моралдык жоопкерчилик бар.

«Саясатчылар сатылды деп айта албайм. Бирок Матраимовдун тоюна баргандар эмне үчүн чек арага, суу алган жерлерге көчүп барбайт?  Эмнеге көйгөйлүү маселелерди укмаксан болушат? Алар Кыргызстандын тагдырын кеңешкен курултайга келе алышпайт. Президенттин жакыны бир иш-чара өткөрсө, баары барып, көзгө көрүнүп калуу кадыресе көрүнүш», — дейт саясатчы.

Эске салсак, 1-майда Оштун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик Согуштун 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук мелдеш башталган. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, вице-премьер министр Кубатбек Боронов жана бир катар депутаттар катышкан. Ал жактан тартылган сүрөттөр социалдык тармакта сынга алынып, нааразычылыктарды жаратууда.

Copyright © 2017 Maral FM