Биз менен байланышыңыз

Асылбек Жээнбеков: Азыркы легитимдүү президент ишин улантышы керек

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1575 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков акыркы саясий кырдаал тууралуу оюн айтты. Ал 10-15 миң адам көпчүлүктүн добушун жокко чыгарбашы керектигин айтты.

— Сооронбай Жээнбеков — азыр Кыргызстандын мыйзамдуу президенти. Эл революцияны мыйзамдуу түрдө кылышы керек. Биз азыр бийликти басып алгандарга каршыбыз. Азыр легитимдүү президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш ишин улантышы керек. Баарыбыз мыйзамдуу жол менен жашап, келечекке багыт алышыбыз керек, — деди депутат.

Ал президент Сооронбай Жээнбеков азыр Бишкекте экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM