Биз менен байланышыңыз

«Балачак институту» эми министрлик менен кызматташат

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 431 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жана «Балачак институту» коомдук фондунун жетекчиси Нуржамал Ибраева калкка социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Келишимдин алкагында «Балачак институту» коомдук фонду министрлик иштеп чыккан социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мыйзам долбоору жөнүндө калкка маалымат жеткирет. Ошондой эле Мыйзам долбооруна коомчулуктун катышуусун, алардын сунуш-пикирлерин эске алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Социалдык кызматтардын жаңы концепциясы жана иштелип жаткан социалдык кызматтар жөнүндө мыйзам долбоору мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн инновациялык болуп эсептелет. Анын кабыл алынышы жаңы социалдык кызматтардын системасын түүзүгө жана социалдык кызматтарды алуучулардын санын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Copyright © 2017 Maral FM