Биз менен байланышыңыз

Ханафи мазхабында ар бир кыямда такбир айтууга болобу?

Кыска кабар | 2 мая 2019 | 585 | 0

— Иним намаз окуп жатканда ар бир кыямда такбир айтып жатат. Жакшылап үйрөн десем, «жол-жобосун толук өздөштүргөндө окуйм» деп намазын таштап койду. Эмин эмне кылсам болот? Негизи Ханафи мазхабында ар бир кыямда такбир айтууга болобу?

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев жооп берет.

— Ханафи мазхабында намаздын ичинде ар бир кыямда такбир айтылып, кол көтөрүлбөйт. Болгону намаздын башында бир жолу такбир айтылат. А бирок, мындай эрежени кармангандардын баары эле салафий, вахабий агымынан экен деп албаңыздар. Себеби, Шафии мазхабында да ар бир кыямда такбир айтууга, колду киндиктен жогору коюп намаз окууга уруксат берилген. Бул — башка мазхабда болгон көрүнүш. Ага уруксат бар, башкача айтканда, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) эки түрдө да окуган. Бирок Ханафи мазхабында намаздын ичинде бир эле жолу такбир айтылат. Ар бир кыямда колун көтөрүп намаз окуган мусулман күнөөкөр болуп, же ыймандан чыгып калбайт. Болгону  сырттан караганга «бул мазхабды карманбаган адам экен» деген түшүнүктү берип коюшу мүмкүн. Мындан улам, этияттоо зарыл.

Ал эми иниңиздин намаз баштаганына шүгүр дешиңиз керек. Намаздагы кемчиликтерди акырындык менен жоюуга болот. Жаңыдан намаз окуп жаткан адамга дароо мазхабдар тууралуу айткан кезде, «Эмнеге мынчалык көп бөлүнүп, жарылуу?» — деп ибадатын таштап, динден чыгып кеткен учурлар болот. Иниңиз аалымдардан кеңеш алса жакшы. Ошого шарт түзүп бериңиздер.

Copyright © 2017 Maral FM